super.kg logo
  Саясат  

Мелис Турганбаев: "Өлкөдө жыл сайын жол кырсыгынан 100дөн ашуун жаш бала каза табат"

 

Өлкөдө жыл сайын жол кырсыктарынан 100дөн ашуун жаш бала каза табат. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда өкмөт жыйынында ички иштер министри Мелис Турганбаев билдирди.

Министр 2010-2013-жылдары балдардын катышуусунда жол кырсыктарынын саны өсүп, орто эсеп менен жыл сайын 130га жакын жаш бала каза тапса, былтыр 112 бала набыт болгонун айтты.  

"Акыркы 5 жыл ичинде коомдук унаалардын катышуусунда 2217 жол кырсыгы катталды",- деп маалымдады министр.

Мындан тышкары ал акыркы 10 жыл ичинде жол кырсыктарынан 10 миңден ашуун адам каза таап, 69 миңден ашуун адам жаракат алганын кабарлады. "2014-жылы 7119 жол кырсыгы катталган. Алардын кесепетинен
1022 адам набыт болуп, 10 510 адам жаракат алган.
 Жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү унаа кыймылы катуу жана унаалардын саны көп болгон жолдордо орун алат. Калктуу конуштардагы жолдордо кырсыктардын 60,2 пайызы катталат. Мындан тышкары айдоочулардын тартипсиздиги жол кырсыктарына себеп болууда"
,- деди Турганбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: