Ош. Жаңы окуу жылына карата бала бакчалардын даярдыгын кароо башталды









Бүгүн, 12-июнда Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу бала бакчалардын жаңы окуу жылына карата даярдыгын кароо жана учурда алып барып жаткан иштерин көзөмөлдөө башталды.
Шаардык билим берүү башкармалыгы кабарлагандай, шаардагы “Жибек”, “Айданек” жана “Мөл булак” балдар бакчаларына атайын түзүлгөн комиссия барып, жетекчинин аткарып жаткан иштерин, балдардын электрондук кезек боюнча жайгашуусун, мамлекеттик тилдин нормаларынын аткарылып жатышын, өрткө каршы иштердин абалын, санитардык эрежелердин сакталуусун, энергетика, жылытуу системдеринин абалын, бакчанын ремонтун жана мекеменин жасалгаланышын текшерүүдөн өткөрүп, тиешелүү бааларын коюшту. Анын жыйынтыгында жаңы окуу жылына даяр экендиги кабыл алынат.
Текшерүүчү комиссиянын курамында аталган башкармалыктын кызматкерлери, Ош шаардык өрткө каршы кызматынын өкүлдөрү, “Ош жылуулук” ишканасы, Санитардык-эпидемиологиялык борбор жана энергетика тармагынын жиберилген атайын өкүлдөрү болушту.
Жаңы окуу жылына карата бала бакчалардын даярдыгын кабыл алуу белгиленген график боюнча бардык бакчаларда жүргүзүлөт.
