super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев Кара-Балта шаарында өрттөн үч адамды куткарып калган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ыраазычылык билдирди

 

Бүгүн, 12-июнда премьер-министр Темир Сариев 2015-жылдын 5-майында Кара-Балта шаарында өрттөнүп жаткан үйдөн үч адамды куткарып калган мектептин 5 бүтүрүүчүсүн кабыл алып, аларга ыраазычылык катын жана өз белегин тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат булагы билдирди. 

Жолугушууда алар Темир Сариевге окуянын кандай болгонун айтып беришти. Айтымдарында, Кара-Балта шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирдин өрттөнүп жатканын көрүшкөн. Алар үйдүн ичинде улгайган адамдар экенин угушкан соң, өз өмүрлөрүн тобокелге салып үч адамды куткарып калышкан. Куткарылгандардын бири ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам болгон.

Мектеп бүтүрүүчүлөрү чукул кырдаалда адамды куткаруунун жол-жобосун мектептеги жарандык коргонуу сабактарынан үйрөнүшкөнүн айтышты.

Премьер-министр алардын жасаганын эрдик деп атап, жарандык милдетин эр жүрөктүк менен аткарганы үчүн ыраазычылыгын билдирди. “Дүйнөдө адам өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок. Жардамга муктаж адамга өмүрүн сактап калууну эрдик деп атай алабыз. Кыргыз мамлекетине силер сыяктуу ар түрдүү оор кырдаалда жардамга шашылып, эрдик кылган жигиттер керек. Ошондуктан силерге, ата-энеңерге жана мугалимдериңерге ыраазычылыгымды билдирем",- деди Сариев. Ошондой эле Темир Сариев балдарды татыктуу билим алып, жоопкерчиликтүү, ак ниет жаран болууга чакырды.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: