Бишкекте кол өнөрчүлөрдү колдоо максатында көргөзмө-жарманке өтүүдө


























Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин жанында кол өнөрчүлөрдү колдоо иретинде көргөзмө-жарманке өтүүдө. Иш-чара Биринчи Май администрациясы тарабынан уюштурулуп, ай сайын өткөрүлүп келет. Жарманкеге 20дан ашык кол өнөрчү катышууда. Алар кийизден, шурудан, булгаарыдан жана таштан жасалган буюмдарды кардарлардын сынына коюп, сатып жатышат. Көргөзмө 15-июнга чейин созулат.
Айта кетсек, жарманкеге туристтер жана шаар тургундары көп келгени менен, сатып алуу жагынан чет өлкөлүктөр биринчи орунда экени белгилүү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.