Ош. Кара-Суу, Өзгөн, Чоң-Алай райондорунда ажылыкка барчулардын арасында электрондук чүчү кулак ташталды
Ош облусунун аймагынан ажылыкка баруучулар ортосундагы чүчү кулак тартуунун 1-этабы соңуна чыкты. Электрондук чүчү кулак өткөрүү 9-июнда Өзгөн шаарында, 10-июнда Кара-Суу районунда, 11-июнда Чоң-Алай районунда өткөрүлдү.
Облустук казыяттан маалымдашкандай, Өзгөн районуна караштуу Өзгөн шаарында ажылыкка 333 адам катталып, 114 адам ажылыкка жолдомо алды. Ал эми райондун бардык 19 айыл өкмөтүндө бөлүнгөн квота толбогондуктан, талапкерлер чүчү кулаксыз өткөрүлдү. Муфтийдин буйругуна ылайык, 2014-жылы катталган 70 жаштан жогорку курактагы 34 жаран чүчү кулаксыз ажыга баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
Кара-Суу районунда 916 адам катталып, райондун 10 айыл өкмөтүнүн жана Кара-Суу шаарынын жарандарынын ортосунда чүчү кулак ташталып, 205 адам ажылык сапарга жолдомо алды. Ал эми райондун 6 айыл өкмөтүндө бөлүнгөн квота боюнча катталгандардын саны ашпагандыктан, талапкерлер чүчү кулаксыз өткөрүлдү. Муфтийдин буйругуна ылайык, 2014-жылы катталган 70 жаштан жогорку 111 жаран чүчү кулаксыз ажыга баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүндө 13 адам катталып, 5 адам тандоодон өттү.
Эскерте кетсек, чүчү кулак таштоонун 2-этабы 14-15-июнда Ноокат, Араван райондорунда өткөрүлмөкчү.

