super.kg logo

Үч эмдин апасы: “Үйүм жок, балдарым менен жалгыз калдым, мамлекетибиз бир бөлмөлүү батир берсе, рахматымды айтмакмын”

 
Бүгүн, 12-июнда SUPER.KG порталынын чыгармачыл тобу 5-июнда үч эмди жарыкка алып келген 23 жаштагы Бактыгүл Камчыбек кызы менен таанышып, балдарын көрүп келди. 
Бактыгүл айым Жалал-Абад облусунун тургуну экенин айтып, 21 жашында тааныштар аркылуу Нарын облусунун Кочкор районунун тургунуна турмушка чыкканын айтты. 
“Үй-бүлөдө чыр-чатактар болот экен, бирок ага кайын журттун кийлигишкени жана жолдошумдун достору тагдырыбызды чечкени баарын бузду. Күйөөм экөөбүз сырдашып, ага ички дүйнөмдөгү болгон нерселерди айтып берчүмүн. Бир-эки күн өткөн соң аны кайра кайненемден угуп, жолдошума таарынгам. Бир жолу кайненем өз апама телефон чалып “кызың үйдөн 4 миң сом уурдап алды” деп жалаа жапты. Муну уккан апам мага “сен үйгө келбей эле кой, сен ошолордукусуң” деп, менин сөзүмдү уккусу да келген жок. Мындай уруштардын айынан биринчи балам боюмдан түшүп калды. 
Анан өкүнүчтүүсү, мени үйдөн жолдошум же кайненем эмес, күйөөмдүн жолдоштору кетиришкен. Жоки деген досу “Кетесиңби үйдөн? Кет анда” десе, күйөөм Алтынбек унчуккан эмес. "Тобо, ушундай да болот экен" деп ызамдан короодон чыгып кеткем. Анан Бишкекке келип өз жашоомду улантайын деп иштеп жүргөн кезде кош бойлуу экенимди, балага 2,5 ай болгонун билдим. Кайра Кочкорго, кайын журтума кайтып бардым. Кабыл албай коюшту. Челкейип алып манты сатып эптеп жан багып жүрдүм. Бир жолу эки күн ачка калып, жалаң суу ичкен учурларым болгон. Ошондон улам балдарым да алсыз болуп төрөлүштү окшойт”,- дейт айым. 
Жаш кезинде жашоонун кыйынчылыктарына учураган айым учурда мамлекеттин камкордугуна муктаж экенин айтат. 
“Үйүм жок, балдарым менен жалгыз калдым, күйөөм үч эмдүү болгонун сыналгыдан көрүп, келем деген. 3 күн күттүк, бирок келбеди. Экөөбүз телефон аркылуу сүйлөшкөндө ал “сага апаңдын боору ооруп, келсин деп жатат” деди, бирок мага күйөөмдүн каалоосу керек болуп жаткан. Ал болсо кайра эле унчукпайт. Ошондон улам экөөбүздүн тагдырыбыз эки ажырым жолго түштү окшойт. 
Учурда дүйнөдө жакшы адамдар бар экен, ага шүгүр, балдарыма керектүү тамак-аш, кийимден азырынча кыйналган жокпуз. Үч эм бир жашка толгуча бизге бала кароочу бөлүнүп, жардам үзгүлтүксүз берилерин айтышты. Эми мамлекетибиз бактыбызга бир бөлмөлүү үй берсе, энелик рахматымды айтмакмын”,- дейт үч эмдин апасы. 
Бактыгүл Камчыбек кызы намаз окуурун айтты, мусулман болгон соң балдарынын аттарын да өзгөчөлөнтүп койгон. Эки кызына Ханифа жана Хаббиба деген ысым берсе, уулуна Хаббибулла деген ысым ыйгарган, ал эми фамилиялары апасыныкы.
Кошумчалай кетсек, үч эмди жарыкка алып келген эненин үйү жок экенин алгач саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев айтып чыккан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(50)
13.06.2015. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Такие хорошенькие. Очень милые фотки. Здоровья маме и малышам. Хотелось бы помочь, но сейчас не могу. Детки просто прелестные. Надеюсь у них будет все хорошо.
13.06.2015. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Досу ортого тушуп жатса...олгон экен
13.06.2015. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
мотурайган наристетелер, омурлуу бактылуу болушсун! Апасына ден -соолук, куч кубат! Атасы кандай адам мерээз адам го, айбан да балам деп чырылдайт ко, ушундай кантип болсун же кыздын ата -энеси карабаса!
13.06.2015. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллахым ар бирибизге ушундай наристелерди насип этсин.Бобоктордун омуру узун бактылуу балдардан болсун
13.06.2015. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атасына ыйман берсин,кайтып келсин,кандай болгон кундо да балага ата мээрими керек,тем более учооно.Мамлекет квартира берсин !
13.06.2015. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Атасы озбек улутундагы адам окшойт,балдарынын атына караганда
13.06.2015. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Eraly___, жолдошум Нарындан болчу деп айтып жатат го. Анан да намаз окуганы учун мусулман аттарын тандаптыр деп турат. Калп эле чыр, провокация, фитна чыгарыштын амалын издебениз....
13.06.2015. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Eraly___, биринчи кунт коюп макаланы аягына чейин окуш керек, элдер комментарий калтырыптыр мен деле жазып кое берейин дебей. Бул жерде наристелердин атынан башка койгойлуу маселелер жонундо соз болуп жатат.
13.06.2015. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
озбек эмес мусулманча ысымдар.
13.06.2015. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куйоосу манкурт го...Балдардын омурун берсин аябай ширин балдар экен !!!Буларга жардам корсотулушу керек биздин элибизден айлансак болот окмот жардам бербесе да колдорунан келишинче жардам корсотуп жатыгат.Эми окмот жардам берсе жакшы болмок...
13.06.2015. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
СУПЕР ИНФО ушу атасынан да кабар алып сурагылачы кандай ою бар экенин суранабыз баарыбыз.балдарга узун омур берсин жаратканым.
13.06.2015. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уч эм торош да оной эмес,уй созсуз берилиш керек,президент тарабынан каралбай жатыптыр да. Балдардын омурун берсин,аттары сонун эле экен го да ошончо коюп,карап атканын,апасы бар бекен байкушумун...
13.06.2015. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Yshyndai erkekterdi jek korom murdynyn syyvy agyp dostoryny ozynyn jashoona kirishtirgenin kara. Bul ejenin kuioobu chindap erkek bolgondo aidai bolgon yibylosyn byzbait ele . Yiat yiat.
13.06.2015. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erten ele bul egizder chonoiup kalganda oshol ech nersege jarabagan joldoshy baldaryna emne deer eken dostorym ajiratkan je bolboso apam ajiratkan dep aitabi jok apasina kynoonu koiot beti jok bet bak. Egizderdin omyry yzyn bolsyn.
13.06.2015. 04:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйоосу карабаса,апасына не болгон карабай же огой апа бекен!Эне журогу уч эм эмес,бирди торогондо канча айланып,садага чабат!
13.06.2015. 05:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Наристелердин омуру узуун болсун,аллахым бизгеда насип этсин,атасы озуна алы жетпегендердин созуно ишенип жургондурда,берки манка эргулга соз жок аяашына ошондой созду айтканга кантип тили барды экен
13.06.2015. 06:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уч ем емес бир баланы бага албай ызылдашабыз,кудайым Тилегин берип уйго жетсин!Ал еми атасында кеп жок ,долдуроп журот да досу менен апасынын созунон чыга албай,наристелерге кудайым омур берсин!
13.06.2015. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аллахым омуру менен берген болсун! апасына ден соолук куч кубат берсин. баарыбызга насип этсин ушундай болгон уч эм. тогуз ай которуп кыйналып торойбуз ошону эркектерибиз билсе кана.
13.06.2015. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз элим ар бирибиздин башыбызга келе турган кыйынчылык бар ошол нерсени унутпайлы.Арабызда бар терс кыска ойлорун жазган.үч эмди төрөш оңой эмес ошол кыска оюң мн бирди да төрөй албайсың.Атасы качып жүрсө сурайтта үй,мамлекет милдеттүү үй беришке.Өзбек эмес атасы жана ысымдары өзбекче эмес.Өмүрлөрүн берсин Кудайым!!!
13.06.2015. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уй бериш керек , Бергенден кийин атасы келсе керек.
13.06.2015. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asiana, уйлуу болгондон кийин уй кучуктой болуп келгени окшошпой калса керек...
13.06.2015. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосу,Апасы жузун бурса да Кудайым жузун бурбаптыр Бактыгулдон,жон эле адамга бере бербейт уч эмди.Кудай суйгон пенде экенсин.Балдардын келечеги кен,ыйман-саламаты бекем болсун.
13.06.2015. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир айымга насип этсин ушундай бактылуулукту...
А эжеге сабр каалайм буюрса баары жакшы болот...
13.06.2015. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жолдошу "мамин сыночек" окшойт. Апалар балдарым бактылуу болсун деп жашоосуна кийлигишип, билбестен баласынын бактысын бузуп алышат. Ошон учун "заботливая мамочка" болбой эле коюшса жакшы болмок эле кайненелер! "Ал балдар сенден эмес" деп кайдагыны айтып баласын жонотпой койгондур да. Башы жоктор, балалуу,неберелуу болуп отурса да барып койгонго жарабаган экен.
13.06.2015. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мамлекет 3 эм учун 1 эмес 3 болмолуу бериши керек. Чиновниктер эси ооп билмексенге салып, озулорунун комочуно кул тартуу менен алек болбой эртерээк маселени чечишсе жакшы болмок. Ушундай учурда жарандарга жардам бербегенде качан жардам берет?!
13.06.2015. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ий козулар десе мынча ширин0,,,, жараткан да оз суйгон пендесине 2-3-4 бала берет ылайым 4 оондун тен ден соолугунар чын болсун
13.06.2015. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртен балдары чонойуп,озу менен озу болуп,акча тапканга жарап калганда пайда болот да тиги ата сорой! Мен атанармын деп,алдан кучтон тайып калганда...
13.06.2015. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
колуна эмне болуптур байкуштун?
13.06.2015. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии мотурайган шипширин бобоктор экен! Омурун берсин Аллахым. Бактыгулдун апасына соз жок,оз кызы кыйналып атканын билип кантип тынч жашап атты экен.
14.06.2015. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы? Ким бул эженин телефонунун номерин билсениздер жазып коёсуздарбы? Админге кайсыл жактан кайрылсам болот?
14.06.2015. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги эркек сорой катын албай эле,катынды апасына,досуна алып берсе керек да.Балдарынын омурун,ден-соолугун берсин.Мурун 10дон баланы кантип багышты экен,азыр 3-4баланы багыш кыйын,тытынасын,тытынасын баари бир зорго жетет.Аа бул келиндин 3баланы бир убакытта жалгыз багып чонойтушу эч мумкун эмес.Мамлекет созсуз уй берсин.
14.06.2015. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куйосу эркек эмес экен да, балага зар болуп отот, жалалабаддык кыз экен ошол жактын шаарынан бир болмолуу уй алып берсе деле болот да.
15.06.2015. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым омуру менен берсин!Канынан жаралган балдарды жолго таштап,эркектик намыс деген жок экен.Ошентип эркек болуп журбой эле койсун жер бетинде.Болгондо да уч эм!Кудайым сизге чон белек бериптир!Ар бир адамга бере бербейт.Ушу наристелер сизге,бакыт,ийгилик,барчылык алып келет.Тилегиниз орундалып квартирага ээ болосуз деген умуттомун!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: