super.kg logo
  Саясат  

“Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

 
“Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев 12-июнда кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мыйзам 2015-жылдын 6-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги максаты – 1997-жылдын 2-июлундагы №41 “Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын ченемдерин Евразиялык экономикалык биримдиктин келишим-укуктук базасына, тактап  айтканда, 2014-жылдын 2-июлундагы Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимдин IX бөлүгүнүн “Тышкы соода саясаты” жана "Үчүнчү мамлекеттерге карата тарифтик эмес чараларды жөнгө салуу жөнүндө" протоколдун талаптарына шайкеш келтирүү (ЕАЭБ жөнүндө келишимдин №7 тиркемеси).

Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдик жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: