super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Горинге сөгүш жарыялады

 

Бүгүн, 12-июнда өкмөттүн жыйынында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-2017-2018-жылдарга болжолу, "Коомдук саламаттык" тууралуу мыйзамдын аткарылышы, жол коопсуздугунун абалы, “Аба кодексин” кабыл алуу жана өкмөттүн регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом долбоору каралды.

Жыйынды ачып жатып премьер-министр Темир Сариев каралып жаткан маселелер коомчулук үчүн абдан маанилүү экенин билдирип, айрым маселелер боюнча тезинен чечим кабыл алуу зарылдыгын билдирди. Ошондой эле ал бардык бийлик органдарынын жетекчилерине кабыл алынган чечимдерди аткаруу талабын койду.

Жыйын жүрүшүндө Темир Сариев жол кырсыктары кескин көп катталып жаткан Ысык-Көл, Нарын жана Жалал-Абад облустарынын Жол-кайгуул кызматтарынын жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону тапшырды.

Ошондой эле “Коомдук саламаттык" тууралуу мыйзамдын аткарылышы боюнча айтып жатып Сариев өлкөдө кургак учук, ичеги-карын ооруларынын көбөйүп жатканын белгиледи. Ошондуктан Саламаттыкты сактоо министрлигине бул багытта иштиктүү сунуштарды киргизип, абалды оңдоо тапшырмасын берди. Аталган мыйзамды толук кандуу аткарбаганы үчүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Горинге сөгүш жарыялады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: