super.kg logo
  Саясат  

Каржы министрлиги 2016-2019-жылдарга бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү концепциясынын долбоорун иштеп чыкты

 

Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги 2016-2019-жылдарга бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү концепциясынын долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы 13-июнда билдирди.

Концепциянын максаты географиялык абалына жана аймактын өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын жергиликтүү бюджеттерин финансылык ресурстар менен камсыздоо боюнча жагымдуу жана стабилдүү шарттарды түзүү болуп саналат.

Коюлган максаттарга жетүү үчүн концепцияда төмөнкүдөй милдеттер белгиленген:

а) бюджеттер аралык мамилелерде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын вертикалдуу жана горизонталдуу өз ара аракеттешүүсүн күчөтүү;

б) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын киреше потенциалын жогорулатуу боюнча негизги багыттарды аныктоо;

в) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк кирешелерин жогорулатуусуна жана чыгашаларын оптималдаштыруусуна түрткү берүүгө негизделген трансферттик саясатты өркүндөтүү;

Концепцияда ушул тапта ишке ашырылып жаткан программалар менен бюджеттер аралык мамилелер жаатында күтүлгөн реформалардын байланышы көрсөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: