Бүгүн тармактык комитет мыйзам бузуу фактылары менен козголгон кылмыш иштери боюнча Башкы прокуратуранын маалыматын угат
Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" КРнын мыйзамынын аткарылышына текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат угат.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Ошондой эле жыйында Башкы прокуратуранын "Кыргыз агрардык өнөр жай азык-түлүк корпорациясы" ААК жана “Кыргызайылтехсервис лизинг компаниясы” ачык акционердик коомунун мыйзам бузуу фактылары менен козголгон кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жыйынтыктары жөнүндө жана Мамлекеттик каттоо кызматы, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл аймагындагы эсепке алынбаган жерлерди инвентаризациялоо маселеси боюнча маалыматтары угулат. Бул маселе боюнча депутаттардын суроолоруна башкы прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов жооп берет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

