Футбол боюнча Австралия курамасы Бишкекке келип түштү
16-июнда көптөн күтүлгөн беттеш – футбол боюнча Австралия курамасы менен кыргыз мамлекетинин курама командасы беттешет. 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында орун алчу оюн үчүн Австралия курамасы Бишкекке келип түштү.
КРнын Футбол федерациясынын өкүлдөрү кабарлагандай, австралиялыктар оюнга Дубай шаарында даярданышкан. 2015-жылы футбол боюнча Азия чемпиондугун утуп алган австралиялыктар бүгүн, 15-июнда жыйынтыктоочу машыгуусун өткөрүшөт.
Кошумчалай кетсек, беттеш 16-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот. Беттештин башталышы 20:00гө туураланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Ал боюнча төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, маалымат ала аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/98751/