Кыргыз парламенттик делегациясынын Казакстандагы иш сапары башталды
А.Жээнбеков баштаган кыргыз парламентинин делегациясынын иш сапары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Казакстан Республикасынын парламентинин ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык кеңештин биринчи жыйынынын алкагында өтүүдө. Тараптар Парламенттер аралык кеңештин түзүлгөнү тууралуу келишимге кол коюшат.
Иш сапардын алкагында Жогорку Кеңештин делегациясы Эл аралык «Астана ЭКСПО-2017» көргөзмөсүнө карата даярдык менен таанышып, Астана шаарындагы кыргыз диаспорасы менен жолугушмакчы. Жогорку Кеңештин делегация курамында «Республика» фракциясынын лидери Максат Сабиров, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Жоомарт Сапарбаев, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин мүчөсү Майрамкүл Тиленчиева жана Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү Азамат Арапбаев бар.


