super.kg logo
  Спорт  

Баткен. Дара айыл аймагына караштуу Чек айылында жаңы спорт имараты ишке берилди

 

Баткен районунун Дара айыл аймагына караштуу Чек айылында жаңы спорт сарай ишке берилди. Аталган иш-чарага облус башчы Жеңиш Разаков, Баткен районунун акими Кеңешбек Салихов, АРИСтин Баткен облусу боюнча координатору, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, анда өлкө башчынын атынан Жаркынбек Максүтов куттуктоо сөзүн сүйлөп, 300 миң сомдук спорттук инвентарларды тапшырды. Ошондой эле Баткен облусунун жетекчиси Жеңиш Разаков куттуктап, бүгүнкү күндө облус боюнча 40 спорт аянтчасы жана 14 спорттук зал иштеп жаткандыгын айтып, жаштардын спортко болгон кызыгуусу күч экендигин белгилеп кетти.

Чек айылында 4651 калк, 1296 кожолук жашайт. Калктын 60 пайызын жаштар түзөт. АРИСтин карыздык милдеттенмелерди конференциялоо – 3-коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу долбоорунун алкагында Чек айылындагы спортзалдын курулушу 2014-жылдын апрелинде башталып, 2015-жылдын май айында бүткөрүлдү. Спорттук залдын долбоорунун жалпы баасы 14,7 миллион сомду түзүп, анын ичинен элдин салымы 551 532 сом болсо, айыл өкмөтү тарабынан 766 миң сомго залдын айланасы темир тосмо менен тосулган. Спорттук залдын ичинин жалпы аянты 558 чарчы метр. Ички шарттар толук түзүлгөн. Кичи футбол, баскетбол, волейбол, теннис ойноочу шарттары бар. Имараттын ачылуу аземи чакан концерттик программа жана спорттук оюндар менен коштолду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.06.2015. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы жанылык экен, онуго бер мекеним!
15.06.2015. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алгааа Баткен жакында даны бир спорт зал бутот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: