Мугалимдер окуучуларды тарбиялоодо массалык коммуникацияларды көмөктөшүүгө чакырышты





Өткөн аптанын соңунда өлкө аймагынан келген мугалимдер окуучулар арасындагы зомбулуктун алдын алуунун жолдорун талкууга алышты. Бул тууралуу 15-июнда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Анда социалдык педагогдор бул жаатта иш алып барып жатышканын, бирок балдарды тарбиялоодо мектеп мугалимдерине кайсы бир деңгээлде кошумча түйшүк жаралып жатканы айтылды.
Ош шаарындагы №52-мектептин директору өз сөзүндө балдардын жүрүм-турумуна массалык коммуникациялар чоң таасир берерин айтты. Ал адамдарды сыйлабоо, зомбулук тууралуу көрүнүштөр өспүрүмдөргө үлгү болуп жатканын белгилеп өттү. "Маданият жана ММКлар мектептеги балдарды тарбиялоого көмөктөшүүсү керек. Азыр заман башка, балдар да башка. Аларга массалык коммуникациялардын берген таасири эффективдүү",- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.