super.kg logo

Баткен облусу боюнча 6 миңге чукул мектеп бүтүрүүчүсүнүн 12си артыкчылык аттестатын алмай болду

 

2014-2015-окуу жылында Баткен облусу боюнча жалпы билим берүүчү мекемелеринин 5800дөн ашык бүтүрүүчүсүнүн ичинен 92 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алууга билдирме берди. Сынактын негизги максаттарынын бири талапкерлердин билиминин сапаттуулугуна көз карандысыз баа берүү жана алардын билим деңгээлинин мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык окуу программаларынын талабына жооп беришин аныктоо жана тастыктоо болуп саналат.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн катышуусу менен облуста 2 сынак өткөрүү жайында (Баткен шаарында жана Кызыл-Кыя шаарында) сынак өттү. Талапкерлер негизги 4 сабактан сынактан өтүштү: эне тили жана адабияты, алгебра жана анализдин башталышы, кыргыз мамлекетинин тарыхы, кыргыз тили (мамлекеттик тил) – окуу тили орус жана өзбек тилдеринде, ошондой эле орус тили (расмий тил) – окуу тили кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн.

92 талапкердин ичинен 84 талапкер сынактарга катышып, 12 окуучу артыкчылык аттестатына татыктуу экенин көрсөтө алды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: