super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев адам өмүрүн алган суу каптоого байланыштуу Грузиянын президентине көңүл айтты

 

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев адам өмүрүн алган суу каптоого байланыштуу Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвилиге көңүл айтты. Бул тууралуу 15-июнда президенттин маалымат кызматынан билдиришти. 

"Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан суу каптоодон набыт болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ошондой эле жаракат алгандардын тезирээк айыгып кетишин каалап кетем" деп айтылат мамлекет башчынын билдирүүсүндө.

Эске салсак, 13-июнь күнү Грузиянын борбор калаасы Тбилисиде катуу жааган жамгырдан Вере аттуу ири дарыя ташкындап, андан 12 адам каза болду. Чет өлкөлүк маалымат каражаттары суу ташкындын кесепетине кабылган дагы 10го чукул адамдын дайынсыз болуп жатканын жазып чыгышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: