"Сарала ит", "Татым туз" аттуу чыгармалардын автору, жазуучу Аман Саспаев 86 жашында каза болду

Кечээ, 14-июнда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жазуучу, "Сарала ит", "Татым туз" аттуу чыгармалардын автору Аман Саспаев 86 жашында каза болду. Маалыматты SUPER.KG порталына Улуттук илимдер академиясынан ырасташты.
Автор узак жылдар бою кытай тилин изилдеп жүрүп, 55 миң сөздү камтыган 91 басма табак көлөмүндөгү «Кытайча-кыргызча сөздүк» түзүп, 2003-жылы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата жарыкка чыгарган.
А.Саспаев Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланып, 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери» деген ардактуу наам берилген. Караколдогу К.Тыныстанов атындагы Мамлекеттик университеттин профессору.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Аман Саспаев Ысык-Көл облусунун Түп районунда 1929-жылы 15-октябрда туулган. Жазуучунун чыгармачылык ишмердиги 1947-жылдары башталып, ырлары казак тилинде, прозалык чыгармалары уйгур тилинде мезгилдүү басылмаларда жарыяланып турган. 1966-жылы туңгуч аңгемелер жыйнагы «Гүлкайыр» деген ат менен «Кыргызстан» басмасынан жарык көргөн.
А.Саспаев 1967-жылдан тарта СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. Жазуучунун айрым аңгемелери орус, француз, кытай, латыш, татар, башкыр, казак, уйгур, каракалпак тилдерине которулган. Ал чыгармаларын уйгур, казак тилдеринде эркин жазган.Автор узак жылдар бою кытай тилин изилдеп жүрүп, 55 миң сөздү камтыган 91 басма табак көлөмүндөгү «Кытайча-кыргызча сөздүк» түзүп, 2003-жылы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата жарыкка чыгарган.
А.Саспаев Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланып, 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери» деген ардактуу наам берилген. Караколдогу К.Тыныстанов атындагы Мамлекеттик университеттин профессору.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты жазуучу Аман Саспаевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза-кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
AizatAnarbekova

15.06.2015. 13:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туп районуна караштуу Кен-Суу айылында туулган
jetinur90

15.06.2015. 13:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармалары эргип окугудай абдан маанилуу жазган жазуучу эле. Кудай рахматына алсын.
nursultan1

15.06.2015. 14:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арты кайрылуу болсун! Аман Саспа уулунун чыгармалары өтө терең маанини камтыйт.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.