Ардагер полковник: “Өкмөт бизге азыркыга чейин тиешелүү үйлөрдү бере элек”













“Өкмөт бизге азыркыга чейин тиешелүү үйлөрдү бере элек”. Муну бүгүн, 15-июнда Өкмөт үйүнүн алдында өткөн митингдин жүрүшүндө Коргоо министрлигинин ардагери Бейшен Шамбетов билдирди. Анын айтымында, аскер адамын мамлекет үй менен камсыздоосу кажет.
“Өлкөдө аскер кызматкерлерин кой, бизге окшогон ардагерлерге азыркыга чейин үй берилбей, батирлеп жүргөндөр көп. Алган пенсиябыз казактардыкына караганда 2 эсе аз, орустардыкына караганда 2,5 эсе кем. Мунусун кой, Каржы министрлиги биздин тамак-ашка берилчү 154 сомдун ордуна 16 сом гана берет (бир күнгө). Ал арада аталган министрлик өзүнүн кызматкерлерине тамак-ашка деп ар бирине ай сайын 5 миң сомдон бөлөт экен. Жылына 60 миң сом кетет. Аларга эмнеге мындай акча бөлүнөт?”- дейт ардагер.
Митингге чыккандардын талабы - Каржы министрлигинин кызматкерлерине тамак-ашка деп бөлүнчү каражатты азайтып, күч органдарында эмгектенгендердикин жогорулатуу. Ошондой эле пикетчилер тарабынан айтылган талаптарды 100 пайыз аткаруу.

