Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагындагы оорукананын неврология бөлүмүн оңдоо үчүн 29 миллион сом керектелет




Ноокат районундагы Зулпуев айыл аймагында жайгашкан оорукананын неврология бөлүмү капиталдык оңдоого муктаж. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Асамидин Марипов 15-июнда журналисттерге билдирди. Анын айтымында, бөлүмдүн имараты көп мезгилден бери пайдаланылбай, канализация системи, электр энергия жабдуулары толук бойдон жараксыз абалда турат. Имаратты оңдоодон өткөрүү үчүн, Ош шаардык долбоорлоо институтунун аныктоосуна ылайык, 29 миллион сом керектелет.
Автор: Нургазы Аматов
Белгилей кетсек, аталган бөлүм 1981-жылы курулуп, 1998-жылга чейин пайдаланылган. Ал 50 орунга ылайыкташтырылган. 2011-жылы катуу жааган жамгырдан имараттын жер төлөсүнө суу кирип, имараттын бир жак дубалы чөгүп, айрым бөлмөлөр жараксыз болуп калган.
Айта кетсек, бүгүн президент Алмазбек Атамбаев аталган оорукананын абалы менен таанышууга келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Adil706070

15.06.2015. 16:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ондоо учун
saulet2009

16.06.2015. 10:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ондоо учун ошончо кетсе,андан корокту жаны эле салышпайбы ошол акчага.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.