Алмазбек Атамбаев Ноокаттагы оорукананын неврология бөлүмүн оңдоого каржылык жардам берет







Бүгүн, 15-июнда президент Алмазбек Атамбаев Ноокат районунун Т.Зулпуев айыл аймагындагы оорукананын неврология бөлүмүнүн абалы менен таанышып чыкты. Өлкө башчыны саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев, оорукананын башкы дарыгери Асамидин Марипов коштоп жүрүштү. Президент аталган бөлүмдүн имаратын көрүп чыгып, аны оңдоо үчүн каржылык жардам берүүгө убада берди.
Айта кетсек, аталган бөлүмдүн имараты көп мезгилден бери пайдаланылбай, канализация системи, электр энергия жабдуулары толук бойдон жараксыз абалда турат. Имаратты оңдоодон өткөрүү үчүн, Ош шаардык долбоорлоо институтунун аныктоосуна ылайык, 29 миллион сом керектелет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

