super.kg logo
  Саясат  

Абдырахман Маматалиев "Ак-Жол" өткөрүү пунктунун туристтик мезгилге даярдыгын текшерүүгө алды

 

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 14-июнда "Ак-Жол" көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун туристтик мезгилге даярдыгын текшерүүгө алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Көзөмөлдөө учурунда аныкталгандай, постто “экологиялык чогултуулар” киргизилген соң, аймакка кирүүчү унаалардын, анын ичинде чет элдик унаалардын кирүүсү азайгандыгы байкалган.

Вице-премьер-министр белгилегендей, кыргыз мамлекети туристтик тармакты өнүктүрүүгө багытталган өлкө катары бардык күч-аракетин туристтерди тартуу үчүн жумшоосу керек. “Учурдагы “экологиялык чогултууларды” жүргүзүү эрежелерин кайрадан карап чыгуу зарыл”,- деген тапшырманы койду вице-премьер-министр.

Ошондой эле Маматалиев "Ак-Жол" көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун аймагындагы унаа токтотуучу жайлардын каралбагандыгын сынга алды. “Кыргызда “эшигин көрүп, төрүнө өт” деген макал бар. Мен мындан биз тууралуу чет элдик туристтер кандай пикирде калып жаткандыгы тууралуу жыйынтык чыгаруудамын. Сооданын тийиштүү жерлерде жүргүзүлбөгөндүгү жана автоунаалар үчүн токтотуучу жайлардын каралбагандыгы сыяктуу маселелердин тез арада көзөмөлгө алынышы кажет”,- деп билдирди вице-премьер-министр жана бир жумалык мөөнөттө алардын чечилиши боюнча так жоопторду берүүнү тапшырды.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: