super.kg logo

Адвокат: "Таластагы Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү Аман Раманкуловго кылмыш ишин козгоп, мага тергөө боюнча документтерди көрсөтпөй жатат"

 

Талас облусунун тургуну Рыскул Раманкулов бүгүн, 15-июнда SUPER.KG порталына уулун эки ай мурун "Чоң-Капка" чек ара бөлүмүнөн мыйзамсыз кармашканын билдирди.

Анын айтымында, 15-апрелде уулу Аман Раманкулов Кара-Буура районундагы чек арадан өтүп жаткан учурда чек арачылар анын телефондорун алып, камап коюшкан.

"Уулум биз менен байланышып, камакта экенин айтты. Эмнеге чек арачылар кармаганын айтканча телефон өчүп калды. Чек ара бөлүмүнө барсам, Таласка алып кетишкенин айтышты. Кийин баламдын издөөдө жүргөнүн, анын үстүнөн арыз түшкөнүн айтып чыгышты. Тергөө амалдарын жүргүзүп жатып маңзат салынган пакетти уулумдан табылды деп моюнуна да илип коюшуптур. Мен мунун баары мыйзамсыз экенин тактап, фактыларды чогултуп прокуратурага чейин бардым, бирок алар милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгобой жатышат. Азыр Таласта жашагандан коркуп калдым. Акчам жок болсо да, артымда туугандарым бар. Биз уулумдун ишин карап жаткан Манас РИИБине ишенбейбиз",- деди Рыскул Раманкулов.

Ал эми Аман Раманкуловдун адвокаты Жуматай Абдрахмановдун айтымында, кылмыш иши негизсиз козголгон. "Учурда ким тергөө жүргүзүп жатканы белгисиз. Окуянын катталганына эки ай болду. Тергөөчүгө барып, кылмыш иши боюнча документтердин көчүрмөсүн көрөйүн десем, беришпейт. Абжалбек Жунусов тергөө сыр экенин айтса, Нияз Жумагулов башканы айтат. Бул жерде документтерди жасалмалоо болушу да мүмкүн. Милицияларга карата министрлик чара көрөт деп ишенебиз",- дейт адвокат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: