super.kg logo
  Саясат  

Футболчулар Алмазбек Атамбаевге "01" номери менен футболка белек кылышты

 

Бүгүн, 15-июнда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков стадионунда президент Алмазбек Атамбаев футбол боюнча кыргыз мамлекетинин курама командасы менен жолугушту. Өлкө башчы Австралиянын курамасы менен эртеңки оюн тууралуу өз пикирин айтты. “Мындай деңгээлдеги оюн, менин эсимде, өлкөбүздө биринчи жолу орун алууда. Оюнда утуш болот, жеңилүү болот, эң негизгиси, толкунданбагыла. Биз баарыбыз силерди колдойбуз. Эртең премьер-министр баш болгон топ оюнуңарды көрөт. Ушул оюнга билеттердин баары сатылып, калбай калганы өлкөбүздөгү футболго болгон кызыгууну далилдейт”,- деп кайрылды футболчуларга Атамбаев.

Андан соң ал өлкөдө футболду өнүктүрүүгө кандай жардам керектиги боюнча спортчулардын ойлорун укту. Оюнчулар өлкөгө ири, заманбап стадион курууну сунушташты. Буга президент быйыл өлкө аймагында 20дан ашуун спорттук комплекстер куруларын билдирди. Анын айтымында, алардын көбү футболго багытталат. “Мындан тышкары биз Бажы биримдигине кирген мамлекеттердин ортосунда футбол боюнча мелдешти сунуштап жатабыз”,- деди президент. Кураманын капитаны президентке команданын атынан “01” номери менен футболка белек кылды.

Айта кетсек, эртең 16-июнда 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков стадионунда Австралия менен кыргыз мамлекетинин курамасы 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында ойнойт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: