super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитетте чакан жана ири ГЭСтерди курууга жол ачкан мыйзам долбоору каралды

 

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин кезектеги жыйыны болду. Жыйында "Сугат-айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Демилгечилердин бири Кантемир Мурзабековдун маалыматына ылайык, мыйзам долбоору аркылуу аракеттеги мыйзамга чакан, орто жана ири гидроэлектростанцияларды жана жылуулук станцияларын куруу боюнча толуктоо киргизилип жатат. Электр жана жылуулук иштеп чыгуу өлкөбүздүн бейпилдигинин жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн ачкычы болуп саналат. Буга байланыштуу тиешелүү мыйзамга түзөтүү киргизүү менен электр энергиясынын жетишсиздигин жоюу максатында суу жана жылуулук станцияларын куруу керек.

Долбоор аркылуу "Сугат-айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" мыйзамдын ченемдеринде мораторий колдонулбай турган объекттердин тизмеси чакан, орто, ири суу станциялары, жылуулук станциялары менен толукталмакчы.

Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун колдоо менен 2-окууда жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыкмак болушту. 

Комитет жыйынында редакциялык мүнөздөгү "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 1-окууда жактырылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: