super.kg logo

Ошто Швейцариядан келген окумуштуулардын катышуусунда семинар болуп өттү

 

“Кыргыз Республикасында медициналык билим берүүнү реформалоо” долбоорунун алкагында Швейцариядан келген адистер Ош мамлекеттик университетинин медицина, дипломдон кийинки медициналык билим берүү факультеттери, медициналык, стоматологиялык клиникаларында болушуп, жаңы окуу пландарын түзүү боюнча семинар уюштурушту.

Окуу жайдан кабарлашкандай, Женевадагы саламаттыкты сактоо боюнча форумдун президенти Луи Лутан, Женева университетинин профессорлору Давид Беран, Антуан Гусбайхер, долбоордун Бишкек шаарындагы менеджерлери Гүлзат Орозалиева, Дамира Кенжебаева баштаган окумуштуулар сапардын алкагында ОшМУнун музейи, электрондук башкаруу системи, илимий китепканасы боюнча да маалымат алышты.

Ал эми КОСУнун медицина факультетинин деканы Анэс Зарифьян да өз сөзүндө университеттин жамаатынын, жетекчилигинин биргелешкен аракеттеринен жаралып жаткан ийгиликтер арбын экендигин айтты. Өзгөчө электрондук башкаруу, электрондук окуу куралдарынын робот-сканер тарабынан даярдалып, студенттердин билим алуусуна чоң көмөк болуп жаткандыгын айтып, КОСУ менен ОшМУнун ортосунда академиялык алмашуу, илим изилдөө багыттарында биргелешип иштөө боюнча келишимдер ишке ашарын айтты.

Жыйынтыгында биргелешип кызматташуу, дистанттык билим берүүдө кызматташуу сыяктуу сүйлөшүүлөр болду. Күндүн экинчи бөлүгүндө Швейцариядан келген топ Ноокат районунда медициналык мекемелер менен жакындан таанышып, долбоордун алкагында кызматташуу багытында сүйлөшүү үчүн сапарга аттанып кетишти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: