super.kg logo

Ысык-Ата дарыясынан изделип жаткан аял тирүү табылды

 

Ысык-Ата дарыясынан изделип жаткан аял тирүү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы 16-июнда билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, 13-июнда саат 20:45 чамасында Ысык-Ата районундагы Ысык-Ата суусуна аталган райондун Эпкин айылынын 1963-жылы туулган тургуну А.Адырбекова чөгүп кетиши мүмкүн деген болжолдоо менен туугандары ӨКМнын райондук бөлүмүнө кайрылышкан.

15-июнда издөө иштерин ӨКМнын Токмок шаардык №21-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, туугандары жана айыл тургундары жүргүзүшкөн. Саат 21:20 чамасында "Ысык-Ата" курортунан 2-3 чакырым алыстыкта турган ээсиз сарайдын жанынан А.Адырбекова жергиликтүү калк тарабынан тирүү табылган. Ал оор абалда болгондуктан, туугандары тарабынан Кант шаардык ооруканасына жеткирилди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: