super.kg logo

"Ата Мекен" партиясынын Талас облусундагы партиялык жыйынына 5000дей адамдын катышары күтүлүүдө

 

Бүгүн, 16-июнда Талас шаарынын борбордук стадионунда "Ата Мекен" социалисттик партиясынын Талас облустук партиялык конференциясы өтөт. Ага облустун Манас, Кара-Буура, Талас, Бакай-Ата райондорунда өткөн конференцияларда облустук конференцияга делегат болуп тандалган партиянын мүчөлөрү, жактоочулары, алыс-жакындан келген коноктор катышат.  

Облустук конференциянын катышуучулары партиялык түзүлүштүн оош-кыйышын, бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселелерин, облустун аймагындагы ийгилик жана кемчиликтер, "Жер-Үй" кени жөнүндө кеп кылышмакчы. Жыйындын ишин чагылдырып жүргөн "Сентябрь" телекомпаниясынын кабарчысы Зарылбек Шермаматовдун айтымында, конференцияга 5000ден ашык адамдын катышары күтүлүүдө. Стадион жасалгаланып, "Ата Мекен" эл менен", "Жер-Үй" - эл байлыгы, "Келечек сиздин колуңузда", "Жер-Үй" кени цианидсиз иштеши керек" деген сыяктуу чакырыктар жазылган. Бул масштабдуу конференцияны чагылдырууга эл аралык радиостанциялар баш болгон массалык маалымат каражаттары чакырылгандыгы белгиленди.

Азыркы учурда стадиондо музыка жаңырып, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева, кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, Таластын ишенген кулуну Болот Шер, эл өкүлү Бактыбек Калмаматов, партиянын Бишкек шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Камалдин Токтосартов конференциянын даярдыгы менен таанышып, шайлоочулар менен баарлашууда. 

Буга чейин "Ата Мекен" социалисттик партиясынын конференциялары республиканын бардык аймактарында өткөн. Партиянын облустук биринчи конференциясы Нарын жергесинде жаз айларында болгон. Мындан кийин Жалал-Абад, Ош, Баткен, Чүй, Ысык-Көл облустарынын жана Бишкек, Ош шаарларынын партиялык уюмдарынын конференциялары күтүлүүдө. "Ата Мекендин" партиялык бул жүрүштөрү партиянын курултайы менен жыйынтыкталат.

 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.06.2015. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5 миң адам катышса жакшыкен. Шайлоодо биринчи училтикке кирсе керек, менин оюмча.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: