super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар ооруган адамга жакын адамдарынын гана органдарын трансплантациялоону туура көрүшүүдө

 

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 16-июндагы жыйынында "Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору ооруган адамга жакын туугандардын органдарын же ткандарын алууга, даярдоого жана трансплантациялоого (туугандык трансплантациялоо) саламаттык сактоонун менчик мекемелеринде да уруксат бермекчи.

Демилгечи депутат Игорь Гусаровдун айтымында, медицина өнүккөн мамлекеттерде өлгөн адамдардын органдарын трансплантациялоо өткөрүлүүдө. "Бул маселе боюнча башка мыйзам долбоорун иштеп чыгуу керек. Мындан тышкары бир гана туугандардын эмес, донорлордун органдарын да трансплантациялоо боюнча айрым депутаттар тарабынан сунуш түшкөн",- деп билдирди Гусаров.

Бирок комитет мүчөлөрү Ыргал Кадыралиева жана Мирлан Бакиров бул сунушка каршы чыгышты. Талкуунун жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору өзгөртүүсүз түрдө жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.

Айта кетсек, эгерде саламаттыкты сактоо уюму адамдын органдарын трансплантациялоо боюнча операцияларды жасаш үчүн зарыл адам ресурстарына, медициналык аппаратурага, тиешелүү сертификаттарга жана башка керектүү документтерге ээ болсо, Кыргыз Республикасынын аймактарында мындай түрдөгү операцияларды жасаганга мамлекеттик да, менчик медициналык мекемелерде да уруксат берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: