Министр Айбек Азыранкулов Ош жана Жалал-Абад облустарында иш сапары менен жүрөт
Эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов Ош жана Жалал-Абад облустарында иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу 16-июнда мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Маалым болгондой, министр мекеменин аталган облустардагы бөлүмдөрүнүн иши менен таанышууда. 15-июнь күнү Азыранкулов Ноокат районунун Массы айылында спорттук комплекстин курулушуна капсула салууга катышты. Бул комплекс райондук администрация жана министрликтин демилгеси менен курулууда.
Андан кийин ал аймактардагы министрликтин бөлүмдөрү менен таанышты жана Ош шаарындагы №16-лицейдин ишин көрүп чыкты. Аталган лицей учурда тигүүчү, ширетүүчү жана электриктерди даярдап чыгарат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

