super.kg logo
  Саясат  

2015-жылдын 5 айында республикалык бюджетке 39,4 миллиард сом түштү

 

2015-жылдын январь-май айларында республикалык бюджетке ресурстардын түшүүсү 39 миллиард 456 миллион 900 миң сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Каржы министрлигинен билдиришти. Түшкөн ресурстардын басымдуу бөлүгүн төмөнкүлөр түздү: 

Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан түшүүлөр – 35,9 пайыз;

Мамлекеттик салык кызматы тарабынан түшүүлөр – 32,3 пайыз;

Мамлекеттик казыналык векселдерден түшкөн кирешелер – 6,6 пайыз;

Бюджеттик ссудаларды кайтаруудан түшүүлөр – 3,5 пайыз.

"Салыктык түшүүлөрдүн жалпы көлөмү 26 миллиард 902 миллион 500 миң сомду түздү же план 102,1 пайызга аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу киреше 2 миллиард 673 миллион 900 миң сомго көбөйдү. Мамлекеттик бажы кызматы боюнча түшүү 14 миллиард 153 миллион 500 миң сомду түздү же пландын аткарылышы 101,7 пайызды камсыздады",- деп билдирет мекеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: