Электр энергиясындагы жоготууларды азайтуу үчүн мыйзамсыз иш-аракеттерге барган "Жалал-Абад электр" ишканасына кылмыш иши козголду
Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, керектөөчүлөрдүн карыздарын жасалма документтер менен көбөйтүү фактылары боюнча "Жалал-Абад электр" ишканасына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 16-июнда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ишкананын жооптуу кызматкерлери жоготууларды азайтуу максатында керектөөчүлөр колдонбогон энергияны да абоненттерге жазып коюшкан. Андан соң энергияны колдонуудагы эреже бузуулар боюнча жасалма акттар түзүлгөнү аныкталган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.