super.kg logo

Адилет Азимов жана "Асман" дуэти Хакасияда өткөн эл аралык сынактан ийгиликтүү кайтышты

 
Хакасияда этникалык ырлар боюнча өткөн "От ыры" IV Эл аралык фестиваль-сынагына катышкан кыргыз ырчылары Адилет Азимов жана "Асман" дуэти ийгиликтүү кайтышты.
Адилет Азимов сынакта баш байгени утуп алды.
Сынакта 2-орунду "Асман" дуэти багындырды.
Эл аралык фестиваль-сынакта калыстар тобунун катарын КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева толуктады.
Хакасияда этникалык ырлар боюнча өткөн "От ыры" IV Эл аралык фестиваль-сынагына катышкан кыргыз ырчылары Адилет Азимов жана "Асман" дуэти ийгиликтүү кайтышты. Сынак 8-14-июнь күндөрү өткөн.
Бүгүн, 16-июнда SUPER.KG порталына фестиваль-сынакта калыстар тобунун катарын толуктаган КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева: "Бул жеңиш бир гана катышуучулардын эмес, бүт өлкөнүн жеңиши болду",- деп билдирди.
Ырчынын айтымында, сынакка Азербайжан, Чехия, Латвия, Молдова, Кытай, Тажикстан, Орусия, Сербия, Бурятия, Алтай, Хакасия жана Кыргыз Республикасынан жалпы 24 катышуучу барган.
"Сынактан кечээ келип, кубанычта болуп турабыз. Эл аралык калыстар курамын толуктадым. Эл аралык сынактарда таланттарды баалоо үчүн биринчи жолу барган жокмун. Бардык жерден сыйлык алып келе жатабыз. Хакасиядагы сынакта балдар жеңишке татыктуу чыгышты. Анда этно-жаз, этно-рок, этно-поп ырлары аткарылды. 
"Асман" дуэти экинчи орунду алды. Адилет Азимов болсо баш байгени алып келди. Афишанын биринчи катарында "Фестивалдын гала-концерти кыргыз эстрада ырчыларынын катышуусунда өтөт" деп жазылганын көрүп аябай сыймыктандык. Катышуучуларды баалап жаткан калыстар да ырдап чыктык",- деди Айчүрөк Иманалиева.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
16.06.2015. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адилет Азимов, азамат... сени ар дайым ийгиликтер коштосун)))) ырларды кыраатына келтирип ырдайсын, азамат
16.06.2015. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо хакасия Абакан алар бизге окшош адамдар кылык жоруктары кыргыздардай хакас эли,бизди туугандар деп баш байгени бериптирда
тилдери да окшошуп кетет
23.06.2015. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок эжекем бар жерде Кыргызстан дайыма байгеге жетишет!!!! Азаматсынар!!!
26.06.2015. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо Адилет менен Асман группасынын Хакасияда ырдагандарын жүктөп койсоңор сонун болмок!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: