Бишкекте 200 бала жайкы сезондун ачылыш аземине катышты (фоторепортаж)






























Бүгүн, 16-июнда Бишкекте Свердлов райондук администрациясы жайкы сууга түшүү сезонунун ачылышына карата иш-чара өткөрдү. Ага райондук мектептердеги лагерлердин жана балдар үйлөрүнүн 200дөй тарбиялануучусу катышты. Майрамдык иш-чаранын алкагында мектеп окуучуларына чакан белектер жана балмуздактар таратылып, оюн-зооктор уюштурулду.
Бишкек мэриясынын Свердлов райондук администрациясынын башчысынын орун басары Чынара Борбашева акыркы үч жылдан бери ар бир район өзүнө тиешелүү болгон балдар мекемелеринин тарбиялануучуларын бассейнге түшүрүп, майрамдык иш-чара уюштуруп келет. "Буга чейин Бишкек шаары боюнча бардык балдарды бир чогултуп, майрамдатчубуз. Бишкекте жайгашкан ден соолукту чыңдоо комплекстери менен келишим түзүп, балдарды бекер алып келип ойнотобуз. Алардын коопсуздугуна ар бир эс алдыруучу жай өзү жооп берет”,- дейт Борбашева.

