super.kg logo

Ошто бизнести өнүктүрүү боюнча талкууда чет мамлекеттик ишкерлерге жетиштүү маалымат жок болуп жатканы айтылды

 

Ош шаардык мэриясынын жыйындар залында бүгүн, 16-июнь күнү шаар ишмерлери жеке бизнести өнүктүрүү, инвесторлорду тартуу боюнча мэриянын өкүлдөрү жана атайын адистер менен ой бөлүштү. Ага Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Тышкы байланыштар жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү агенттигинин директору Замир Юсупов, инвестиция тартуу боюнча белгилүү адис, ишкер Малик Абакиров жана калаадагы ишкерлер катышышты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Анда З.Юсупов төмөнкүлөргө токтолду: “Чет мамлекеттин ишкерлери биздин шаардын ишкерлери менен кызматташууга кызыкдар экенин дайым айтып келишет. Бирок аларга кайсы тармакта инвестиция туура багытталат, шаарда бизнести чогуу өнүктүрүүгө кайсы ишкерлер жардам бере алышат, ушулар жөнүндө маалымат жетишпейт. Бүгүн биз жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жеке ишкерлердин ортосундагы байланышты бекемдөө максатында жолугуп отурабыз”. 

Малик Абакировдун айтымында, Ош шаарынын жеке ишкерлери өтө активдүү келишет.

“Чет мамлекеттен келген инвесторлор менен иш алып баруу ар бир ишкердин мамилесинен көз каранды. Өлкөдө инвестициялык климат жакшы деп айта албайм. Бул жаатта көптөгөн инвестициялык форумдар өтүп келе жатат. Анткен менен канааттандырарлык жыйынтык жок. Ушул жылы күз айларында өтө турган чоң инвестициялык форумга шаардагы бардык жеке ишкерлерди активдүү катышууга чакырам”,- деди М.Абакиров.

Жыйындын негизинде Бажы биримдигинин жеке ишкерлерге тийгизген таасирлери тууралуу да сөз болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: