Алмазбек Атамбаев менен Социалдык фонддун төрагасы пенсияны көбөйтүү механизмдерин талкуулашты

Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-июнда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге өзү башкарган мекеменин иши, пенсиялык камсыздоонун азыркы абалы тууралуу маалымат берди. Президенттик аппараттын билдиришинче, Абылгазиев пенсиялык камсыздоо системин реформалоо боюнча пландары менен бөлүштү.
Тараптар быйыл 1-сентябрдан баштап пенсиянын көлөмүн көбөйтүү механизмдерин талкуулашты. Президент пенсиялык камсыздоо системин реформалоо жарандарга карата адилеттүү жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

