super.kg logo
  Спорт  

Бүгүн Бишкекке Эл аралык Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах келет

 
Томас Бах
Шейх Ахмад аль-Фахад аль-Сабах

Бүгүн, 16-июнда Бишкекке Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах жана Азиянын Олимпиадалык кеңешинин башчысы Шейх Ахмад аль-Фахад аль-Сабах келет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бир күндүк сапарында спорт ишмерлери өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушат. Кечинде Бах жана Аль-Сабах КРнын Улуттук Олимпиада комитетинин кеңсесинде болушат. Ал жерде алар комитеттин президенти Шаршенбек Абдыкеримов, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов менен жолугат. Ошондой эле Олимпиада комитетинин музейинин ачылышына катышышат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: