Футбол боюнча мамлекетибиздин курамасы менен Австралиянын беттешин Катардан келген калыстар тейлешет
Бүгүн, 16-июнда орун ала турган кыргыз футболчулары менен Австралиянын беттешин Катардан келген калыстар тейлешет. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясынын расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, анда калыстык милдет Хамис аль-Марриге тапшырылды. Башкы калыстын жардамчылары катары майданга анын мекендештери Талеб аль-Марри жана Жума аль-Буршаид чыгат.
Кошумчалай кетсек, беттеш 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында өтүүдө. Беттешке 20:00дө старт берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
Рейтинг:
1
1

Супер-Инфо
super.kg видео

















Жеке айтышууларга жол берилбейт. Ар бир колдонуучу өз ой-пикирин жазганга укуктуу.