super.kg logo

Ысык-Көл облусунда жааган кардан өлгөн малдын саны такталууда

 

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Эңилчек айыл аймагынын жайлоосунда 13-июнда калыңдыгы 50-60 сантиметр кар жаап, аба ырайы суук болгондугуна байланыштуу кой-эчкилер, бодо мал өлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жарандык коргонуу комиссиясы 2 короо койду жеринен көрүп, андан 80 баш кой-эчки, 12 топоз жана 6 тай өлгөндүгүн аныкташканын 16-июнда билдирди. Жарандык коргонуу комиссиясынын тактоо-иликтөө иштери улантылууда. Андан сырткары жайлоого баруучу унаа жолго шагыл таштар, ылайлар түшүп, унаалар жүрүү үчүн жол жабылып калган. Ат менен жүрүүгө каттоо бар, тазалоо иштери улантылууда.

Мындан сырткары жайлоого баруучу жолдогу Сары-Жаз дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрө суунун деңгээли көбөйүп, бузула баштаган.

15-июнда жолду тазалоо жана көпүрөнү калыбына келтирүү иштерине Ак-Суу райондук транспорт кызматы (ЖЭМ №11) тарабынан 1 бульдозер, Ниссан пикап унаасы, Түп райондук транспорт кызматынан (ЖЭМ №34) 1 жүктөгүч тартылып, жумуш аткарылып жатат. Жайлоодо кар эриген. Жергиликтүү бийлик тарабынан күйүүчү майлар бөлүнгөн. Андан сырткары ӨКМнын Ысык-Көл облустук башкармалыгы тарабынан 200 литр күйүүчү май берилди. Ал эми көпүрөнү оңдоого 30-40 даана габион торчосу жана күйүүчү май керектелет.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.06.2015. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Быйылкы жазда, жайда кырсыктар көп болду (кар көчкү, жер көчкү, сел, күтүүсүз жааган кар, катуу шамал). Жараткандын каарына калган өңдөнөбүз... Мындайда ата-бабалар Жаратканга жалынып, суранып, тиленип түлөө (тилөө) өткөрүшчү эле...
А тиги топоздор сууктан, кардан өлбөш керек эле да, алар суукка чыдамдуу, тоо башында жүрүшөт да дайым... Же тайгаланыштыбы, бирок андайга деле көнүшкөн да, мм...
Ajar. түзөттү 2015-06-16 14:30:20
16.06.2015. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ajar., туура айтасыз... бодо мал да жб малдар да акыркы жылдары кырсыкка коп кабылышып жататго.
16.06.2015. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жайдын кунундо кар жаады деген ди уксан ой деп ишенбей кетет экенсин )) . Дуйно жузу боюнча жаратылышта ар кандай кырсыктар коп катталып атат.Аларды коруп отуруп жакшылыкка болсунда деп калам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: