Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан каза болгондордун жана жабыркагандардын тизмеси






Буга чейин айтылгандай, 2015-жылдын 15-июнунда саат 23:15 чамасында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында, Бишкек-Ош унаа жолунун 464-чакырымында жол кырсыгы катталган. Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа менен Жигули үлгүсүндөгү унаа кагылышып, анын кесепетинен 3 адам окуя болгон жерден каза болуп, 6 адам жабыркаган. Жабыркагандардын ичинен 11 жашар баланын абалы оор болууда.
Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Таш-Көмүр шаардык бөлүмүнүн башчысы жана министрликтин издөө-куткаруу отрядынан 5 куткаруучу барып, ВАЗ-06 унаасынын
айдоочусунун жана жүргүнчүсүнүн кыпчылып калган жансыз денелерин
автоунаанын ичинен чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен. Ал эми Данияр Назаров Таш-Көмүр шаардык аймактык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген. Жабыркагандар "Тез жардам" унаасы менен Таш-Көмүр шаардык аймактык ооруканасына жеткирилишкен.
Жол кырсыгынан каза болгондор:
1. Кудаяр Миңбаев, ВАЗ-06 автоунаасынын айдоочусу, Таш-Көмүр шаарына караштуу Теңдик айыл аймагынын Кудук-Сай айылынын тургуну, 1964-жылы туулган.
2. Турсуналы Сатаров, Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма айылынын тургуну, 1966-жылы туулган.
3. Данияр Назаров, Хонда Одиссей автоунаасынын айдоочусу, Бишкек шаарынын тургуну, 1976-жылы туулган.
Жол кырсыгынан жабыркагандардын баары Хонда Одиссей унаасынын жүргүнчүлөрү:1. Алихан Абдижалиев, Бишкек шаарынын тургуну, 2004-жылы туулган, абалы оор.
2. Абдулла Абдижалиев, Бишкек шаарынын тургуну, 2008-жылы туулган.
3. Айдина Абдижалиева, Бишкек шаарынын тургуну, 2001-жылы туулган.
4. Гүлнара Жумабаева, Ош шаарынын тургуну, 1989-жылы туулган.
5. Эрнист Сагынбаев, Өзгөн шаарынын тургуну, 1981-жылы туулган.
6. Раджабова Санобар Мехимовна, 1969-жылы туулган.






1 |