super.kg logo
  Саясат  

Мирлан Самыйкожо Маданият министрлигиндеги Искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды

 

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчилигине Мирлан Самыйкожо дайындалды. Маалыматка караганда, тийиштүү буйрукка министр А.Максүтов кол койгон. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 16-июнда билдирди.

Самыйкожо уулу Мирлан – акын. Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында 1984-жылы 19-майда туулган. 2001-жылы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектепти аяктаган. 2007-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. 2002-жылы чыгармачыл жаштардын “Нур борбор” коомдук бирикмесине мүчө болуп, 2003-жылы аталган бирикменин проза ийриминин жетекчиси болгон. Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун жаштар секциясынын башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: