super.kg logo
  Саясат  

Чет өлкөлүк жана ата мекендик жүк ташуучу автоунаалардын баарына бирдей атайын төлөм киргизүү демилгесинин концепциясы 1-окууда жактырылды

 

16-июнда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде кыргыз мамлекетинин аймагына кирген чет өлкөлүк жана ата мекендик жүк ташуучу автоунаалардын баарына бирдей атайын төлөм киргизүү чараларын камтыган мыйзамдын долбоору каралды. Ал үчүн “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”, “Жол фонду жөнүндө”, “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзамдарга, КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл.

Депутат Марат Султановдун айтымында, чет өлкөлүк жеңил автоунааларды ата мекендик жеңил автомашиналардай эле атайын төлөмдөрдөн бошотуу сунушуна өкмөт өкүлдөрү макул болушту. Анткени ал туристтик мезгилде чет өлкөлүк туристтер үчүн кыйла ыңгайсыздыктарды жаратып, алардын санынын кыскарышына алып келет. Анын үстүнө Евразиялык экономикалык биримдиктен тышкары Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк соода уюмунун да мүчөсү болуп саналат.

Жыйынтыгында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоорунун концепциясы биринчи окууда жактырылып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: