super.kg logo

Ош шаарында башталгыч класстын мугалимдери 480 сааттык мектепке даярдоо программасы боюнча окуудан өтүшүүдө

 

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери балдарды мектепке даярдоо үчүн 480 сааттык программа боюнча окуудан өтүшүүдө. 

Аталган башкармалыктан кабарлашкандай, анда мугалимдер 6 жаштагы балдардын өнүгүүсүнүн психологиялык-педагогикалык өзгөчөлүктөрүн, мектепке чейинки курактагы балдарды өстүрүү жана окутуунун жаңы усулдарын өздөштүрүү сыяктуу жаңы билимдерге ээ болушмакчы. Башталгыч класстын мугалимдерин Улуттук тестирлөө борборунун түштүк аймагы боюнча координатору Раимбек Султанов жана шаардагы ЖОЖдордун педагогдору окутууда.

Балдарды мектепке даярдоо боюнча 480 сааттык программа 2015-жылдын 1-сентябрынан башталып, окуу жылынын аягына чейин жүргүзүлөт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: