super.kg logo

Бишкекте белгилүү сүрөтчүлөрдүн “Тоо жаңырыгы” аттуу көргөзмөсү ачылды

 

Бүгүн, 16-июнда Бишкектеги “Эмен багы” (“Дубовый парк”) галереясында белгилүү сүрөтчүлөрдүн “Тоо жаңырыгы” аттуу көргөзмөсү ачылды. Анда “Жаңырык” (“Эхо”) сүрөтчүлөр тобунун катышуучулары Байдылда Арыков, Жумабек Базарбаев, Эркин Бейшенбаев эмгектерин көрүүчүлөрдүн сынына коюшту. Байдылда Арыковдун айтымында, сүрөтчүлөр бул көргөзмө менен адам баласынын жашоого болгон ар башка көз карашын жеткирүүгө аракет кылышкан.

Бул жерде көрсөтүлгөн сүрөттөрдө биздин – чыгармачыл адамдардын жашоого болгон көз карашы чагылдырылган. "Биз кантип өз өлкөбүзгө жардам берсек болот? Канткенде элдин турмушу оңолот же болбосо глобалдык мейкиндикте кайда баратабыз?" деген сыяктуу суроолорго жооп берүү же жооп издөө болду. Анан бул көргөзмөнү атайын “Тоо жаңырыгы” деп атадык, анткени тоо - бул кыргыз калкы, ал эми жаңырык - бул калкты ойготуу деген мааниде аталган”,- дейт сүрөтчү. 

Айта кетсек, көргөзмө 30-июнга чейин созулат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: