Турсунбек Акун баштаган күйөрмандар кыргыз футболчулары менен Австралиянын беттешине кирүү алдында турушат








Австралия жана Кыргыз Республикасынын курамаларынын беттешинин башталарына жарым саатка жетпеген убакыт калды. Учурда Фрунзе көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылып, күйөрмандар стадионго акырындан киргизилип жатат. Алардын колунан өлкөнүн желектерин көрүүгө болот. Ошол эле учурда билети жок жүргөн күйөрмандар да бар экени байкалат. Атактуу футбол сүйүүчүлөрүнөн азырынча Турсунбек Акундан башкасы көрүнбөйт.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Максат Кудайбердиев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат.