Австралияга каршы беттешти көрүү үчүн билет алган миңдеген күйөрмандар стадионго кире албай калышты





16-июнда Бишкекте күндүн көптөн күтүлгөн окуясы катталып, футбол боюнча улуттук курам Австралияга каршы беттеш өткөрдү. Бул беттеш 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында өтүп, 2:1 эсебинде коноктор жеңишке жетишти.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Максат Кудайбердиев
Улуттук курамды колдоо үчүн келген күйөрмандар стадионго толуп, айрым маалыматтар боюнча, 18 миңге чукул адам оюнга стадиондон көз салып отурду. Кызыгы, бул беттешке кирүү үчүн билет сатып алган миңдеген күйөрмандар стадиондун тышында калып калышты. Бул билеттер боюнча текшерип киргизип жаткандардын катасы деп айтылып жатат. Колунда билети туруп оюнга кире албай калган көпчүлүк стадиондун тегерегинде чуу уюштуруп, стадион тарапка суу куюлган шишелерди, таштарды ыргытып жатышты. Атүгүл стадиондун бурчунда жайгашкан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин терезелерине таш ыргытып, сындырганга жетишишти. Мүмкүнчүлүгү барлары стадиондун тосмосунан секирип кирип жатышты. Ал эми КРнын Футбол федерациясы азырынча бул окуя боюнча билдирүү жасай элек.
4000ге чукул адам Австралия-Кыргызстан оюнуна кире албай калышты
Кыргызстан - Австралия 1:2 (бардык голдор 16.06.15)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Сунушуңузга рахмат, мүмкүн болушунча бул күнкү оюнга тиешелүү видеолордун баарын жүктөгөнгө аракет кылабыз.