super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт үйүндө чылым чегүүгө тыюу салынды

 

Өкмөт үйүндө чылым чегүүгө тыюу салуу боюнча жарлыкка өкмөт аппаратынын башчысы Нурханбек Момуналиев кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн имаратынын сыртында чылым чегүүгө уруксат берилген жайлар белгиленет. Аталган тыюуну бузган кызматкерлер административдик жоопкерчиликке тартылат. Мындан тышкары министрликтердин жана мамлекеттик мекемелердин имараттарында чылым чегүүгө тыюу сала турган буйруктарды чыгаруу милдети тапшырылды.

Айта кетсек, өкмөттүн 12-июндагы жыйынында премьер-министр Темир Сариев чиновниктерди коомдук жайларда чылым чекпей, үлгү болууга чакырган.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: