"Дарыгерлердин шалаакылыгынан эгиз балдарыбыздан айрылдык, келинчегим оорулуу болуп калды" деген Исманалы Муратов каза болду




Тагдырында оор сыноолорго кабылганын айтып, "дарыгерлердин шалаакылыгынан эгиз балдарыбыздан айрылдык, келинчегим оорулуу болуп калды" деген Исманалы Муратов кечээ, 16-июнда узакка созулган оорудан улам 26 жашында көз жумду. Май айында анын бооруна Индияда ийгиликтүү операция жасалып, ал кайра Бишкекке келген эле.
И.Муратов "Супер-Инфо" гезитине ушул жылдын январь айында берген маегинде: "2011-жылы боорум ооруганынан текшерилсем, альвеококкоз (булганыч агын суулардан, мышык, келемиштен жуккан боордогу курт) деген дартка чалдыкканым белгилүү болгон. 2012-жылы мага дарыгерлер операция жасап, боорумдун оӊ тарабын жана өтүмдү алып салышкан. Оорумдун айынан күнү-түнү дары ичип, укол алып жүрдүм. Ошол убакта "мунун аз эле өмүрү калыптыр" деген кепти уккан адамдар мага чочулоо менен мамиле кылып калышкан",- деп билдирген.
Исманалы Муратов өлкөдөгү радиолордун биринде эмгектенип келген. Анын операциясына керектелүүчү каражатты достору жер-жерлерде кайрымдуулук акцияларын өткөрүп чогултушкан.


Келинчеги сакайып кетсин эми,ата-энесине жана тууган уруктарына досторуна сабыр берсин.
Жайың жаннаттан болсун.