Өткөн аптада болгон катуу шамалдын жана жаан-чачындын кесепетинен 27 миллион сомдук зыян келтирилген



Өлкөбүздө өткөн аптада болгон катуу шамалдын жана жаан-чачындын кесепетинен 27 миллион сомдук зыян келтирилген. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда маалымат жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Таалайбек Темиралиев билдирди. Анын айтымында, бул чыгымдарга Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жааган кардан келтирилген чыгымдар да киргизилди.
“Быйыл өлкө боюнча 555 объектиде коргоо иштери пландалган, анын 77 объектисинде капиталдык курулуш жүрүүдө, 267 объектиде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, болтурбоо иштери өткөрүлүп жатат. Үйүнүн чатыры зыянга учураган үй ээлерине шифер берилүүдө. Ал эми 478 объектте каражаттын жетишсиздигинен тиешелүү жумуштар жасалбай келет. Бюджеттик каражаттын жетишсиздиги 86 пайызды түзөт”,- дейт Темиралиев.

