super.kg logo
  Саясат  

Банктык аманаттарды коргоонун мыйзамдык чараларын жакшыртуу боюнча демилге көтөрүлдү

 

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында жеке жана юридикалык жактардын банктык аманаттарынын сакталышын жакшыртууга, депозиттик каражаттарды төлөп берүү тартибин ыраатташтырууга багытталган мыйзам долбоору каралды.

Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, мыйзам долбоору жеке жана юридикалык жактардын банктык аманаттарынын сакталышына берилүүчү кепилдиктерди бекемдөө максатында иштелип чыккан. "Эгер банк ар кандай тобокелчиликтерден же каржылык каатчылыктардан улам кудуретсиз болуп калса, ал жарандардын же юридикалык жактардын депозиттик каражаттарын төлөп берүүгө тийиш. Андан сырткары депозиттерди төлөө мөөнөтү азыр 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартылууда",- деди Абдыгулов.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: