super.kg logo
  Саясат  

Депутат сойкуларга 1500 сом айып пул салууну демилгелеп жатат

 

Депутат Нуркамил Мадалиев сойкулук менен алектенгендер үчүн 1500 сом айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин 17-июндагы отурумуна алып чыкты. Анын айтымында, бул мыйзам долбоору жарандарды адеп-ахлакка каршы аракеттерден коргоо жана сойкулук менен алектенгендердин санын кыскартуу, сойкулуктун алдын алуу, ошондой эле улуттук генофондду сактоо максатында иштелип чыкты. 

"Бүгүнкү күндө өлкөдө сойкулук менен алектенгендердин саны көбөйүп, натыйжада келечекте эне боло турган кыз-келиндер ден соолугунан ажырап жатышат. Сойкулуктун кесепетинен ар кандай жугуштуу оорулар пайда болуп, ошондой эле сойкулук ВИЧ-инфекция ооруларынын жайылышынын негизги себептеринен болууда. Мындан сырткары сойкулук коомчулуктагы адеп-ахлактын төмөндөшүнө, үй-бүлөдөгү мамилелердин бузулуусуна жана өсүп келе жаткан муундун таалим-тарбиясына терс таасирин тийгизет",- дейт депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: